Армения дагы бир жолу ок атты

Кол салууда өлүм  - житим болгон жок бирок кээ бир үйлөрдүн зыян тарткандыгы билдирилди.

1454607
Армения дагы бир жолу ок атты

Армения армиясы Азербайжан чек арасындагы жарандык отурукташуу жерине ок атты.

Азербайжандын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Армения армиясы кечээ Товуз облусунун чек арасында жайгашкан Агдам жана Дондар Кушчу айылдарына 120 миллиметрлик миномет жана D-30 пушкалар менен ок  атканы кабарланды.

Кол салууда өлүм  - житим болгон жок бирок кээ бир үйлөрдүн зыян тарткандыгы билдирилди.

Азербайжан тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да Армениянын жарандык отурукташуу жерлерине ок атып «агрессивдүү жана террордук жүзүн» дагы бир жолу ачыкка чыгарганы белгиленди.

Жарандарды бомбалаган Армениянын эл аралык мыйзамдын бардык негизги принциптерин бузгандыгы билдирилип : «Армения башкаруусу кылган кыймылдарынын жазасыз калбай турганын ойлобосун. Бардык басып алуу кыймылдарында болгондой Азербайжан жерлеринин да оккупацияда болушу убактылуу. Армения  бардык мыйзам тышы кыймылдарынын эсебин берет»,- деп белгиленди.

Армения армиясы мурунку күнү чек аранын Товуз аймагында Азербайжан буктурмаларын аткылап, кол салууга киришкен. Азербайжан армиясынын жооп кайтарышы менен жоготууга учурап артка чегинген.

Кагылышууда Азербайжан армиясынан 4 аскер шейит блуп, 4 аскер жараланган. Каза болгон 4 аскердин бирөөсү ага лейтенант болгон.

Азербайжан армиясы да Армения армиясына таандык буктурмаларды, аскердик радар станциясын, танктары менен брондолгон унааларды аткан.



Тектеш кабарлар