Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр COVID-19 менен координациялуу түрдө күрөшөт

Түрк Кеңешинин саламаттык сактоо министрлери жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүү боюнча кызматташтыктын күчтөндүрүлүшүнө карай чечимдерди чыгарышты.

1407077
Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр COVID-19 менен координациялуу түрдө күрөшөт

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) саламаттык сактоо министрлери жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) менен күрөшүү боюнча кызматташтыктын күчтөндүрүлүшүнө карай чечимдерди чыгарышты.

Түрк Кеңешинен берилген маалыматка караганда видео конференция ыкмасы менен өткөн жыйналышка Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев, Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Азербайжан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Октай Ширелиев, Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо министри Элжан Биртанов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алишер Шамданов катышты.

Байкоочу мүчө сыпаты менен Венгриянын саламаттык сактоо министри Золтан Лоринцзи жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Европа бюросунун директору Ханс Клюге да орун алышты.

Катышуучулардын өз өлкөлөрүндөгү Ковид-19 абалы,саламаттык сактоо инфраструктурасы, анализ жана дарылоо ыкмалары, карантин чара көрүүлөрү сыяктуу маалыматтарды берген жыйналышта, пандемияга каршы так кызматташтык темасында макулдашылды.

Министрлер мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы илимпоздору, доктур жана тийиштүү уюмдардын башчылары орун ала турган координация комитетинин арачылыгы менен кызматташтык механизми түзүлүүсү боюнча макулдашты.

Медициналык шаймандар жана дары-дармек өндүрүү тууралуу эки тараптуу жардамдашуу темасында мүчө өлкөлөрдүн арасында камсыздоо чынжыры түзүлүүсүнө чечим чыгарылган жыйналышта, саламаттык сактоо министрлеринин орун басарлары жана тийиштүү башкы директорлор деңгээлинде курула турган механизм менен Ковид-19га каршы күрөшүүнүн координацияланышы боюнча да макулдашылды.



Тектеш кабарлар