Кыргызстанга Түркиядан 349 жаран чартердик каттам менен учуп барды

Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги Түрк аба жолдорунун чартердик каттамындагы учактын  Стамбулдан Бишкекке учуп келгендигин жарыялады.

1404588
Кыргызстанга Түркиядан 349 жаран чартердик каттам менен учуп барды
istanbul-bişkek1.jpg
istanbul-bişkek2.jpg

Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги Түрк аба жолдорунун чартердик каттамындагы учактын  Стамбулдан Бишкекке учуп келгендигин жарыялады. Учактын бортунда  Кыргызстандын 349 жараны болгондугу маалымдалды.

10-апрель күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин  кызматташтык кеңеши-Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын видеоконференция форматында кезексиз саммит болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир канча сунуштарды киргизген.

Ал сунуштардын бирөө учурдагы Сovid-19 пандемиялык абалдан улам Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары өз мекендерине кайта албай башка өлкөлөрдө калгандыгына токтолуп, «Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, Сиздерге оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде, Кыргызстан өзүнүн аймагында жардамга муктаж мүчө мамлекеттердин жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем»,деген. Мына ушуга ылайык эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чартердик каттам уюштурулду.

Ал эми чартердик каттамды уюштуруу оңойго турган жок. Пандемиялык абалдан улам Түркия мамлекети өлкөдө ар түрдүү чараларды көрүп, маал-маалы менен өзгөчө абал жарыялап жатат. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги менен Стамбулдагы Башкы Консулдугу мурдатан кыргызстандык жарандарга жар салып, телефондорун жана интернет адрестерин берип, кете тургандар болсо каттоодон өтүүсү үчүн кайрылган. Муну ар түрдүү соцтармактардан жана Элчиликтин веб барагынан жарыялап жарандарга жеткирүүгө аракет кылышты. Ошого ылайык Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги жана тийиштүү губернаторлуктар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өзгөчө абалда кете турган кыргыз атуулдарына уруксат алып берип, Анкарадан, Анталиядан, Кастамонудан ж.б.шаарлардан атайын автобустарды уюштуруп Стамбул шаарындагы «Стамбул» аэропортуна жетүүсүн камсыздады. Чартердик каттам 24-апрель күнүнө белгиленип, мына бүгүн учуп баргандыгы маалымдалды.

Учактагы жарандар Элчи Кубанычбек Өмүралиевке жана Элчилик кызматкерлерине, Башкы консулдуктун  кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришип, алардын иштерине ийгилик каалап мекенге кайтып кетишти.



Тектеш кабарлар