Түркия “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасын Кыргызстанга өткөрүп берди
Түркия Республикасы мамлекеттик “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди.
Түркия Республикасы мамлекеттик “Кыргыз-Түрк достугу” ооруканасын расмий ачылышына чейин COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүүдө колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди.
2018-жылдын 1-сентябрында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган "Мамлекеттик “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө" Макулдашуунун түрк тарабынын ратификациялоосу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу оорукана пайдаланууга берилген эмес.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.