Элчи Өмүралиев ТИКАнын төрагасы менен жолукту
Тараптар айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим, туризм, социалдык тармактагы объектилердин курулушу жана башка ТИКАнын долбоорлорун Кыргызстандын аймактарына жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты.
2020-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин Башкармалыгынын (ТИКА) төрагасы Серкан Каялар менен жолугушуусу болуп ѳттү.
Тараптар айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим, туризм, социалдык тармактагы объектилердин курулушу жана башка ТИКАнын долбоорлорун Кыргызстандын аймактарына жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты.
Элчи Кубынычбек Ѳмүралиев, ТИКАга «Таза Суу» улуттук долбоорун ишке ашырууга жана Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди интернетке кошуу долбооруна катышууну сунуштады.
С.Каялар мырза ТИКАнын чет өлкөдөгү биринчи кеңсеси өз кезегинде боордош жана дос Кыргызстанда ачылганын белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган көздөлгөн баардык долбоорлор ишке ашырыла тургандыгына ынандырды.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.