Казакстандагы түрк фирмаларынын саны эки миңге чукулдап калды
Казакстандын Түркия менен соода көлөмү өткөн жылдын 10 айында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 54 пайыз өсүп, 2 миллиард 554 миллион 421 миң долларга жеткен эле.
Казакстанда кызмат көрсөткөн түрк капиталдуу фирмалардын саны 1939га жетти.
Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин статистика агенттигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, 2019-жылдын 1-декабрынан тарта өлкөдө катталган 3 миң 456 түрк капиталдуу ишкананын 1939у активдүү түрдө ишин улантууда.
Бул фирмалардын 1884ү чакан, 33 орто жана 22си ири ишканалар тобунда орун алууда. Түрк фирмаларынын 467си курулуш, 650си чекене жана тобу менен сатуу, 124ү мейманкана жана тамак аш кызматтары тармагы жана 190у өндүрүш секторунда иш алып барууда. 508 түрк фирмасы да өлкөнүн айыл чарба, кен иштетүү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маалымат жана байланыш, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлк жана берки тармактарда кызмат көрсөтүп жатат.
Казакстандын Түркия менен соода көлөмү өткөн жылдын 10 айында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 54 пайыз өсүп, 2 миллиард 554 миллион 421 миң долларга жеткен эле.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.