Эрсин Татар:«Eastmed долбоорунун Түркиянын бекитүүсү болбостон ишке ашуусу мүмкүн эмес»

ТКТРнын премьер-министри жана Улуттук биримдик партиясынын жетекчиси Эрсин Татар, Eastmed долбоору тууралуу сереп салды.

1335089
Эрсин Татар:«Eastmed долбоорунун Түркиянын бекитүүсү болбостон ишке ашуусу мүмкүн эмес»

 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри жана Улуттук биримдик партиясынын жетекчиси Эрсин Татар: «Чыгыш Жер Ортолук деңиз газ куур багыты» (Eastmed) долбоорунун Түркиянын бекитүүсү болбостон ишке ашуусунун мүмкүн эместигин айтты.

ТКТРнын премьер-министри жана Улуттук биримдик партиясынын жетекчиси Эрсин Татар, Израиль,Греция жана Кипрдин Рум жетекчилигинин ортосунда кол коюлган, Израилдин жаратылыш газынын деңиздин астынан түтүк жолу менен Кипр, Гирит аралы жана Греция аркылуу Европага жетирилишин көздөгөн  Eastmed долбоору тууралуу сереп салды.

Татар, Рум жетекчилиги жана Грециянын жаратылыш газ темасында Түрк тарабы менен макулдашуунун ордуна, ишке ашышы дээрлик мүмкүн болбой турган долбоорго (Eastmed) багытталуусунун бир гана душманча мамиле катары мүнөздөлө турганын баса белгиледи.

Премьер-министр Татар: «Түркия менен Ливиянын ортосунда кол коюлган келишиминен (деңиздеги чек коюу келишими) улам Eastmed долбоорунун Түркиянын дагы бекитүүсү болбостон ишке ашуусу мүмкүн эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар