Татар:«Кипр Рум башкаруучулугунун Хафтер тобу менен кызматташтык кылышы кабыл алынгыс абал»,

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Эрсин Татар,Хафтерди жактаган ливиялык саясатчылардын Рум башкаруучулугу менен ишке ашырган жана Түркияга каршы чыгууну негиз кылган мамилелери тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1331695
Татар:«Кипр Рум башкаруучулугунун Хафтер тобу менен кызматташтык кылышы кабыл алынгыс абал»,

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Эрсин Татар, Кипрдин Рум башкаруучулугунун Ливияда төңкөрүшчүл Хафтер менен кызматаштык кылуусу кабыл алынгыс абал экенин жарыялады.

Эрсин Татар, Хафтерди жактаган ливиялык саясатчылардын Рум башкаруучулугу менен ишке ашырган жана Түркияга каршы чыгууну негиз кылган мамилелери тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Татар: «Кипр Рум башкаруучулугунун Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарынын тебелениши үчүн Ливияда дүйнө тааныган башкарууга каршы согуш баштаган төңкөрүшчүл генерал Хафтер тобу менен кызматташтык кылышы кабыл алынгыс абал»,деген серебин салды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизде геополитикасына ылайык өнүгүүнү жакын байкагандарын баса белгилеген Татар, Түркия менен улуттук жана стратегиялык кызыкчылыктарынын корголушу боюнча чекиндүү болгондорун баса белгиледи.

Хафтерди жактаган Ливиянын өкүлдөр палатасынын төрагасы Акиле Салихтин мурдагы күнкү Кипрдын Рум бөлүгү менен байланыштарын жана Түркияга каршы саясий изденүүлөрүн санааркоо менен байкагандарына көңүл бурган Татар: «Бул сапар Кипр маселесине мамилебизди жана тышкы саясатыбызды бир учунан экинчи учуна чейин Жер Ортолук деңизди карап турган кеңири түшүнүк менен баа берүүбүз мажбурдуулук болгонун дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтты.

Татар, Түркиянын Ливиянын Улуттук макулдашуу өкмөтү менен кол койгон коргонуу кызматташтыгы жана деңиздеги ыйгарым укуктуу аянттарына чек коюу тууралуу меморандумдун Жер Ортолук деңиздин геополитикасында Түркияны бутага алган пландардын ишке ашпай калуусу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар