Казакстан Кыргызстанга өз сунушун билдирди

Министр Магзум Мирзагалиев IFASтын учурдагы иштери туурасында маалымат берди.

1328915
Казакстан Кыргызстанга өз сунушун билдирди
Magzum Mirzagaliyev.jpg

Казакстандын экология, геология жана табигый ресурстар министри Магзум Мирзагалиев, Кыргызстанга Арал көлүн сактап калуу фондунун (IFAS) алкагында кызматташтыкты жандандырууну сунуштаганын айтты.

Мирзагалиев маалымат жыйында, Арал көлүн сактап калуу үчүн 1993-жылы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосунда түзүлгөн IFASтын учурдагы иштери туурасында маалымат берди.

Фонддун активдүү түрдө иш жүргүзүп жатканын белгилеген Мирзагалиев, бирок Кыргызстандын 2015-жылы IFASтан чыгып кетиши фонддун иштерине таасир тийгизгенин айтты.

Министр Мирзагалиев: «Бир жума мурда Бишкекте кесиптештерим жана өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөштүм. Кыргызстанга IFASтын алкагында кызматташтыкты кайрадан жандандырууну сунуштадык»,-деди.

Кыргызстандын фондго мүчөлүгүнүн Казакстан үчүн маанилүү экенин баса белгилеген Мирзагалиев, Арал көлүнө Сырдарьянын жана Нарын дарыясынын суусу куюлгандыгын айтты.

Мирзагалиев 5 өлкөнү бириктирген IFASтын активдүү иштөөсү Казакстан жана берки Орто Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Арал көлүнүн Казакстан тарабында курулган Гөк арал суу сактагычынын негизинде 27 миллиард куб метр сууну топтогондорун айткан Мирзагалиев: «Арал көлүнүн Казакстан тарабы жыл өткөн сайын өнүгүүдө. Муну менен эле тим болбостон маселени чечүү үчүн аймактагы беш өлкө менен кызматташууну улантышыбыз керек»,-деди.

Министр Мирзагалиев өткөн аптадагы билдирүүсүндө, быйыл Түркстан аймагынын талаа аянттарын сугаруу үчүн Кыргызстандан Нарын-Сырдарья аркылуу 300 миллион куб метр суу алгандарын, келээрки жылы 550 миллион куб метр суу сурай тургандарын айткан эле.

Кыргызстан 2016-жылы IFASтын аймактагы айрым өлкөлөрдүн сууну пайдалануудагы ГЭСтердин багытын эске албаганын, фонддо реформалардын ишке ашырылышы сунушунун көз жаздымда калтырылгандыгын жактап IFASтын иштерине кошулууну токтотуу чечимин чыгарганын билдирген эле.

Орто Азиянын эң чоң дарыялары Амударыя жана Сырдарьянын суулары, мурунку Советтер Союзу убагында айыл чарба жана пахта талааларынын сугат иштери үчүн плансыз пайдалангандыктан Арал көлүнүн 90 пайызы кургап калган болчу. 

Көлмөлөргө бөлүнгөн Арал көлүн кайрадан жандандыруу үчүн 1993-жылы Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн IFAS, 25 жылдан бери көлдүн экологияга жана аймактын элине болгон терс таасирин көрсөтүүгө аракет кылып келе жатат.

 



Тектеш кабарлар