Казакстан 5G технологиясына даяр

Казакстан санариптик өнүгүү, инновация жана космостук өнөр жай министринин орун басары Дарын Туяков Казакстан калкынын 5G технологиясына даяр экендигин белгиледи.

1328185
Казакстан  5G  технологиясына даяр

Казакстан санариптик өнүгүү, инновация жана космостук өнөр жай министринин орун басары Дарын Туяков Казакстан калкынын 5G технологиясына даяр экендигин белгиледи.

Туяков Казакстандын борбор шаары Нур Султанда өткөрүлгөн «Заттардын интернети» (IoT) үчүнчү эл аралык форумунда дүйнөдө 5G технологиясынын келечегинин активдүү түрдө талкуулангандыгын белгиледи.

5G технологиясынын экономиканын, акылдуу шаарлардын жана башка секторлордун өнүгүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн айткан Туяков Казакстандын аймакта  интернет колдонуучу башына мобилдик колдонууда  лидерлердин бири экендигин айтты. Туяков : «Казакстандыктарды 5G технологиясынын ишке ашырылышы менен керектөө көлөмүн түзүүгө даяр экендигин айтуу мүмкүн. Бүгүн Казакстан бул технологияны ишке ашырган жол башчы өлкөлөрдүн арасында орун алууда»,- деди.

Бул технологияны сыноо иштеринин бул жылы Нур Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында аткарылгандыгын айткан Туяков сыноолордун түрдүү жыштык аралыктарында жасалгандыгын жана 5Gнин колдонулушу үчүн бир соода түйүнүнүн түзүлүшү үчүн бардык аракетти көрсөткөндүгүн сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар