Өзбекстанда метро туннелинде көчкү болду

Көчкүдө беш киши каза болду.

1326156
Өзбекстанда метро туннелинде көчкү болду

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте метро туннелинин курулушунда болгон көчкүдө 5 киши каза болду.

Чукул абалдар башкармалыгынан берилген маалыматка караганда борбор шаардын Юнусабад районунда курулушу жүрүп жаткан метро туннелинде катуу жааган жамгырдан улам көчкү болду.

Куткаруу топтору тарабынан жүргүзүлгөн иштерде көчкү астында калган 5 жумушчунун сөөгү чыгарылды. Топурак астында калган башка жумушчулардын куткаруу үчүн издөө – куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы билдирилди.

Окуянын иликтениши үчүн премьер  - министрдин биринчи орун басары жана транспорт министри  Ачылбай Раматовдун жетекчилигинде комиссия курулду.

 



Тектеш кабарлар