Азербайжанда бийликтеги партия парламенттин таркатылышы үчүн кайрылды

Азербайжанда бийликтеги Жаңы Азербайжан Партиясы парламенттин таркатылышы үчүн парламентке кайрылды.

1314727
Азербайжанда бийликтеги партия парламенттин таркатылышы үчүн кайрылды

 Азербайжанда бийликтеги Жаңы Азербайжан Партиясы парламенттин таркатылышы үчүн парламентке кайрылды.

Жаңы Азербайжан Партиясынын башкы катчысы Али Ахмедов өткөргөн пресс  - жыйынында  Жаңы Азербайжан Партиясынын саясий кеңешинин чыгарган сунуш чечими боюнча партия мүчөсү депутаттардын парламенттин таркатылышы үчүн парламентке кайрылгандыгын белгиледи.

Президент Илхам Алиевдин реформа саясатын колдоо максатында ушундай чечим чыгарышкандарын айткан Ахмедов чечимдин өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Өлкөдө көп тармакта реформанын  жүргүзүлгөндүгүн жана жаш кадрлардын  кызматка алып келингендигин эске салган Ахмедов мыйзам чыгаруу органынын бул реформалардын тышында калбашы керектигин ойлошкондорун баса белгиледи.

Жаңы Азербайжан Партиясынын мүчөсү депутаттардын чыгарган чечими парламентте талкууланат жана кабыл алына турган болсо президент Алиевге жиберилет.

Азербайжанда парламент шайлоолору 2015 -  жылы 1 -  ноябрда болгон жана президент Алиев лидери болгон Жаңы Азербайжан Партиясы 125 мүчөлүү парламентте 71 орундукка ээ болгон. Кийинки парламенттик шайлоонун 2020 -  жылы ноябрда өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар