Дүйнө жүзүндө Ататүрк эскерилди

Гази Мустафа Кемал Ататүрк түбөлүк жайына узатылышынын 81-жылында чет өлкөлөрдө аземдер өткөрүлүп эскерилди.

1303685
Дүйнө жүзүндө Ататүрк эскерилди

Түркия Республикасынын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрк түбөлүк жайына узатылышынын 81-жылында чет өлкөлөрдө аземдер өткөрүлүп эскерилди.

Улуу жол башчы Ататүрк үчүн Салоники шаарындагы туулган үйүндө азем уюштурулду. Таазим кылуу жана Улуттук гимн ойнолгондон кийин зияратчылар үйдү кыдырышты.

Гази Ататүрк Казакстанда да урматтоо менен таазим кылынып эскерилди. Түркиянын Нур-Султандагы Элчилигинде таңга маал уюштурулган аземге чакырылгандар менен катар көп сандаган Түрк жараны катышты. Азем Ататүрктүн жаркын элесине бир мүнөттүк таазим кылуу менен башталды. Мустафа Кемал Ататүрк тууралуу атайын видео көрсөтүүсү болду. Аземдин акырында  борбор шаар Нур-Султандагы Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюлду.

Улуу жол башчы Ататүрк, Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдагы Түркиянын Элчилигинде дагы эскерилди. Элчиликтин кызматкерлери менен Малайзиядагы түрк миссиясынын өкүлдөрү жана айрым түрк атуулдары катышкан аземде жергиликтүү убакыт боюнча саат 9дан 5 мүнөт өткөндө таазим кылынды, Улуттук гимн ойнолду. Элчилик кызматкерлери менен Малайзиядагы Түрк миссиясынын өкүлдөрү жана айрым түрк атуулдары катышкан аземде жергиликтүү убакыт боюнча саат 9дан 5 мүнөт өткөндө таазим кылынып, Улуттук гимн ойнолду. Программанын акырында Ататүрктүн турмушунан урунттуу жерлерин түшүндүргөн видео көрсөтүлдү.

Кытайда Түркиянын Пекиндеги Элчилигинде дагы 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнөн улам азем уюштурулду. Түрк атуулдарынын катышуусу менен уюштурулган аземде, Ататүрктүн өмүр баянынан үзүндүлөр тартууланган кыска тасма көрсөтүлдү.

Түркиянын Пакистан, Индонезия, Азербайжан, Орусия, Германия, Түндүк Македония, Босния-Герцеговина, Англия жана Өзбекстандагы элчиликтеринде уюштурулган аземдерде дагы Гази Ататүрк урматтоо менен эскерилди.



Тектеш кабарлар