Кыргызстанда 29 - Октябрь Республика майрамы белгиленди
Түркия республикасынын курулушунун 96 – жылы Кыргыз - Түр «Манас» университетинде белгиленди.
Түркия республикасынын курулушунун 96 – жылы Кыргыз - Түр «Манас» университетинде белгиленди.
Кыргыз - Түрк «Мнас» университетинин көркөм өнөр жана коммуникация факультети тарабынан уюштурулган программада Түркия радио - телекөрсөтүү мекемеси ТРТ даярдаган 29 - Октябрь Республика даректүү филими көрсөтүлдү.
Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин куруучу делегациясынын мүчөсү жана президенттин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу катышуучуларды Республика майрамы менен куттуктап, Түркиянын террор менен күрөшүнө көңүлдөрдү бурду.
Топчу : «Бүгүн кудум 100 жыл мурун болгондой бир тараптан ПКК, ПЙД/ЙПГ/КЖК жана Фетуллахчы Террордук Уюм менен күрөшүүдөбүз. Буларды казган чуңкуруна бир бирден көмүп жатабыз»,- деди.
Түркиянын Бишкек элчиси Женгиз Камил Фырат болсо бул күндү белек кылган Мустафа Кемал Ататүрктү жана курал жолдошторун ыраазычылык менен эскеришкендерин айтты.
Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин ректору профессор доктор Асылбек Кулмырзаев да Түркия республикасынын 1970 - жылдардан бери террор менен күрөшүп келе жаткандыгын белгиледи. Кулмырзаев Түркия республикасынын түрк тилдүү өлкөлөрдүн бириктирүүчү күчү жана түрк дүйнөсүнүн локомотиви экендигин белгиледи.