Бишкекте Кыргызстан-Түркия ишкердик форуму өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков форумда сөз сүйлөдү.

1275328
Бишкекте Кыргызстан-Түркия ишкердик форуму өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркиянын Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин салган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашканын айтты.

Бир түрк инвестордун Бишкекте курган мейманканасынын конференция залында өткөн Кыргызстан -Түркия ишкердик форумуна Кыргызстандан министрлер жана эл өкүлдөрү, Түркиядан маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын башчысы Билал Эрдоган жана эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

Форумда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, “Президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунда эки өлкөнүн соода көлөмүн учурдагы 400 миллион доллардан 1 миллиард долларга жогорулатууну көздөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сүйлөштүк. Ошон үчүн сөз болгон максатты көздөй кадамдарыбызды таштообуз керек»,-деди. 

Түрк инвесторун Кыргызстанда транспорт, энергетика, байланыш технологиялары жана туризм секторлоруна инвестиция салууга чакырган Жээнбеков: «Түрк ишкерлерин инвестиция салууга чакырамын. Түрк өнөктөштөрүбүзгө бардык каалгаларыбыз ачык. Түрк өнөктөштөр менен кызматташтыгыбызды ар тараптуу түрдө тереңдетүүнү каалайбыз»,-деп айтты.

Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстанда чыгарылган эт, бал, жаңгак, төө бурчак жана кургатылган мөмө жемиш түрлөрүн Түркия базарында көрүүнү каалагандарын айтты.

Кыргызстанда иш алып баруу шарттарынын жеңилдегенине токтолгон Жээнбеков: «Кыргызстанда жаңы ишкананын катталуусу 3 күндө жасала алат. Жаңы фирмалар 3 жыл бою салык төлөбөйт. Кошумча нарк салыгы 12 пайыз болсо, киреше салыгы менен пайда салыгы 10 пайыз болуп эсептелет. Өлкөдө чоң шаарлардын тышында ишкана ачкандардын киреше, соода, жер жана мүлк салыгы 5-10 жылга чейин алынбайт. Технология импорттогон фирмалар бажы салыгынан бошотулат»,-деп айтты.

Жээнбеков, президент Эрдоган менен алдыдагы айда Азербайжанда жолуга тургандарын жана бул жолугушууну чыдамсыздык менен күткөндөрүн да кошумчалады.

Кыргызстан менен Түркия ортосунда өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз - түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат.

Өлкө башчы белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтык да акырындык менен өнүгүүдө. Былтыр Түркиядан 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат. Ошентсе да, эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатат десек болот. 



Тектеш кабарлар