Кыргызстанда Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктады

Кыргызстанда 1-Улуттук көчмөндөр оюндары президент С.Жээнбеков катышкан салтанаттуу азем менен аяктады.

1274032
Кыргызстанда Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктады
kirgizistan.jpg
kirgizistan.jpg

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун эгедерлигинде 16-сентябрда башталган 1-Улуттук Көчмөндөр оюндары салтанаттуу жабылыш аземи менен аяктады.

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башчылыгы (ТИКА) да салымын кошкон 1-Улуттук көчмөндөр оюндарга миң жыл мурда жашаганы белгиленген Кыргыз баатыры Манастын сөөгү коюлган жана дүйнөгө таанымал Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган жери болгон 200 миң калктуу Талас шаары кожоюндук кылды.

Өлкөдө алгач ирет уюштурулган иш-чара үчүн Талас шаарындагы «Манас» маданий борборунда ондогон чатырлар жана иподром курулду.

Иш-чарада аймактар жана шаарлар 5 күн бою салттарын жана өнөрлөрүн көрсөтүштү. Улуттук көчмөндөр оюндары миңдеген киши катышкан салтанаттуу жабылыш аземи менен соңуна чыкты. Оюндардын алдыдагы жылда өлкөнүн түштүгүндөгү Ошто өткөрүлө турганы жарыяланды



Тектеш кабарлар