В. Путин "Борбор - 2019" аскердик машыгуусун Сооронбай Жээнбеков менен көрдү

Путин машыгууга террор менен күрөшүү жана күтүлбөгөн абалдарга каршы армиянын даярдыгы деген мүнөздөмө берди.

1273565
В. Путин "Борбор  - 2019" аскердик машыгуусун Сооронбай Жээнбеков менен көрдү

 Орусиянын президенти В. Путин Орусиянын түштүгүндө  болгон «Борбор  -  2019» аскердик машыгуусун көрдү. Кремлден берилген маалыматка караганда Оренбург шаарында  полигондогу  машыгуунун негизги этабын Путин  менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бирдикте көрдү. Путин менен Жээнбеков машыгуу болгон аймакта иликтөө жүргүздү. Путин машыгууга террор менен күрөшүү жана күтүлбөгөн абалдарга каршы армиянын даярдыгы деген мүнөздөмө берди.

16 -  сентябрда башталган Борбор  - 2019 аскердик машыгуу Оренбург, Астрахань, Челябинск, Алтай, Кемерово аймактарында өткөрүлүүдө.

Машыгууга Орусия, Кытай, Пакистан, Кыргызстан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан 128 миң аскер, 20 миңден ашуун аскердик каражат, 600гө жакын учак, тик учар жана учкучсуз унаа аппараты, 200дөн ашуун танк жана 15ке жакын аскердик кеме катышууда.

Борбор – 2019  аскердик машыгуусу 21 -  сентябрда аяктайт.



Тектеш кабарлар