Ош шаарында түрк кино күндөрү башталды

Түрк кино күндөрү "Семетей" кино театрында "Бөрү" аттуу кинонун көрсөтүлүшү менен башталды.

1271855
Ош шаарында түрк кино күндөрү башталды

Кыргызстанда Жергиликтүү ой  - пикир коому Ош шаарында түрк кино күндөрү иш - чарасын өткөрдү.

Бул жылы Ош шаары  Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙ тарабынан маданий  борбор шаар деп жарыяланган.

Ош «Семетей» кино театрында «Бөрү» киносунун көрсөтүлүшү менен башталган жана «Нур» кино  театрында бүгүн да улантыла турган иш чаранын негизинде «Биз үчүн чемпион» жана «Жигердүү топ» кинолору акысыз көрсөтүлөт.

Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат 3 миң жылдык тарыхы болгон Ош шаарында түрк кино күндөрүн өткөргөн Жергиликтүү ой  - пикир коомуна жана салым кошкон мекемелерге ыракмат айтты.

 



Тектеш кабарлар