Эрсин Татар Мараштын отурукташууга ачыла турганын жана туризмге киргизиле турганын маалымдады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Эрсин Татар,Стамбулда өткөн Түндүк Кипр Туризм кызматташтыгы жыйналышында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1245758
Эрсин Татар Мараштын отурукташууга ачыла турганын жана туризмге киргизиле турганын маалымдады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Эрсин Татар, Мараш аймагын этап-этап түрүндө отурукташууга ача тургандарын айтты.

Татар, Стамбулда өткөн Түндүк Кипр Туризм кызматташтыгы жыйналышында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Татар, Газимагуса шаарына караштуу болгон, отурукташууга жана үй курууга жабык турган Мараштын отурукташууга ачыла турганын жана туризмге киргизиле турганын маалымдады.

Өкмөт катары иштеп жаткандарын эске салган Татар: «Ал жер Түндүк Кипр Түрк Республикасынын чек арасынын ичинде, 45 жылдан бери жабык турганы жетет»,-деп айтты.

Марашты этап-этап түрүндө отурукташууга ачууну каалагандарын кайталаган Татар, Магосага барганда бийиктиктен караганда бул жердин Магосанын уландысы болгону түшүнүктүү болоорун айтты.

Татар, ушундайча ТКТРнын экономикасына кошо турганын айтып: «Жабык тургандыгы үчүн компенсация маселеси дагы бар. Андан дагы кутулган болобуз. Өкмөтүбүз учурда иштерди аткарууда»,-деди.

ТКТРнын башкаруусу, 45 жылдан бери жабык турган Марашты, Рум тарабынын макулдашкыс мамилеси боюнча отурукташууга ачуу чечимин чыгарып, бул багытта иштерди баштаган.



Тектеш кабарлар