Өзбекстандын экономикасы жылдын биринчи жарымында 5, 8 пайызга өстү

Өткөн жылы Өзбекстандын улуттук өлкө ичи кирешеси 5, 1 пайыздык өсүү менен 407 триллион514 миллиард сумга жеткен.

1243221
Өзбекстандын экономикасы жылдын биринчи жарымында 5, 8 пайызга өстү

Өзбекстандын улуттук өлкө ичи кирешесинин жылдын биринчи жарымында 5, 8 пайызга өсүп 222 триллион 22 миллиард долларга жеткендиги билдирилди.

Өзбекстан мамлекеттик статистика комитети жылдын биринчи жарымына байланыштуу улуттук өлкө ичи кирешесинин маалыматтарын билдирди. Маалыматка ылайык 2019 -жылы январь-июнь мезгилинде 5, 8 пайызга өсүп 222 триллион 22 миллиард сумга жеттий Бул мезгилде өнөр жай сектору 6, 9 пайыз, токой жана балыкчылык сектору 2, 1 пайыз, курулуш сектору 20 пайыз, транспорт жана логистикалык сектор 5, 1 пайызга, тейлөө сектору болсо 4, 1 пайыздык өсүү көрсөттү.

Январь -июнь мезгилинде улуттук өлкө ичи кирешеде өнөр жайдын 30, 3 пайызы, дыйканчылык, токой чарбачылыгы жана балыкчылыктын үлүшү 24, 3 пайыз, курулуш секторунун үлүшү 7, 6 пайыз, тейлөө секторунун үлүшү болсо 37, 8 пайыз болду.

Өткөн жылы Өзбекстандын улуттук өлкө ичи кирешеси 5, 1 пайыздык өсүү менен 407 триллион514 миллиард сумга жетип, ушунун негизинде өнөр жай өндүрүшү 10, 6 пайыз, дыйканчылык жана токой чарбачылыгы менен балыкчылык сектору 0, 3 пайыз, курулуш сектору 9, 9 пайыз, тейлөө сектору 5, 4 пайызга өсүү көрсөткөн.

Өзбек өкмөтү бул жылы улуттук өлкө ичи кирешенин орточо 5 пайызга өсүшүн күтүүдө. Дүйнө банкынын жаңыланган Глобалдык Экономикалык Күтүүлөр Отчетунда да Өзбекстандын өлкө ичи улуттук кирешесинин 2019 -жылы 5, 3 пайызга өсүү көрсөтөрү болжолдолууда.



Тектеш кабарлар