ЕБнин Орто Азия боюнча жаңы Стратегиясы Кыргызстанда таанытылды

Кыргызстандын кожоюндугунда өткөн  Европа Биримдиги (ЕБ) менен Орто Азиянын тышкы иштер министрлеринин 15-жыйналышында 17-июнда кабыл алынган «ЕБнин Орто Азия боюнча жаңы стратегиясы» таанытылды.

1231681
ЕБнин Орто Азия боюнча жаңы Стратегиясы Кыргызстанда таанытылды

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Орто Азиянын тышкы иштер министрлеринин 15-жыйналышы Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өттү.

Кыргызстандын кожоюндугунда өткөн  Европа Биримдиги (ЕБ) менен Орто Азиянын тышкы иштер министрлеринин 15-жыйналышында 17-июнда кабыл алынган «ЕБнин Орто Азия боюнча жаңы стратегиясы» таанытылды.

Бишкектеги Президенттик резиденциянын Конгресс борборунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, жыйналышка катышкан ЕБнин Тышкы иштери жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен катар Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажыевди бир-бирден тосуп алды.

2,5 саатка созулган жыйналыштан кийин Айдарбеков менен Могерини биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Айдарбеков жыйналышта, ЕБнин Орто Азия боюнча жаңы стратегиясынын таанытылганын жана стратегиянын түшүмдүү ишке ашырылышын арттыруу темасын карагандарын айтты.

Жыйналышта ЕБ менен Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында кеңири масштабдуу темалардын жана кызматташтык тууралуу күн тартиптеги маселелерге баа берилгенин белгилеген Айдарбеков: «ЕБнин Орто Азия Стратегиясында орун алган укуктун үстөмдүгү, демократияны илгерилетүү жана адам укуктарын камсыздоо, коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүлүшү жана суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, энергетикасына санариптик технологияларды киргизүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү жана жаштар сыяктуу ЕСтин  жаңы Стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмаштык»,-деди.

Айдарбеков жаңы стратегияда Ооганстанга атайын маани берилишин ыраазычылык менен кабыл алгандарын айтып, аймактык коопсуздуктун күчтөндүрүлүшүн жана Ооганстанда тынчтыкты камсыздоону максаттаган бардык эл аралык демилгелерди колдогондорун билдирди.

Жыйналышта Орто Азия өлкөлөрү жана ЕБнин ортосундагы пайдалуу кызматташтыкты эки тараптуу түрдө дагы өнүктүрүү багытындагы чечкиндүүлүккө басым жасалганын түшүндүргөн Айдарбеков, ушул алкакта ЕБнин Орто Азия аймагынын ырааттуулугу, коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсүн колдоосун уланта турганы айтылганын маалымдады.

ЕБнин тышкы иштери жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да, «Орто Азия өлкөлөрүнүн күчтөнүшүн каалайбыз. Аймакта жакырчылык менен күрөшүү жана адам укуктарынын дагы күчтүү болушун каалайбыз»,-деп айтты.

Могерини, Орто Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык потенциалына ишенгендерин, ЕБнин 28 мүчө өлкөсү тарабынан кабыл алынган ЕБнин Орто Азия Стратегиясынын Орто Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын өнүгүүсүнө салым кошо турганын белгиледи.

ЕБнин Орто Азия өлкөлөрүнө колдоосун уланта турганын айткан Могерини: «Аймакта жеке менчик секторго эң көп инвестиция салган ЕБ өлкөлөрү болуп саналат. Өнөктөштүгүбүз өлкөлөрүбүзгө пайда алып келет. Карым-катнаштарыбыз тереңдейт. Мындан кийинки кадамда кызматташтыктын жаңы деңгээлге жетишин каалайбыз»,-деп айтты.

Могерини, Орто Азия өлкөлөрүнүн аймактагы баңги зат сатуу, терроризм жана чек ара маселелерин биргелешип ашып өтө тургандарын баса белгиледи.

Орто Азияда бүгүн тарыхый күн болгонуна көңүл бурган Могерини, Кыргызастанда билим берүү тармагы үчүн 35 миллион евро, Тажикстанда экономиканын өнүктүрүлүшү үчүн 14 миллион евро жана айрыкча Арал көлүнүн жаңыдан жанданышы үчүн материалдык колдоо көрсөтө тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар