Түндүк Кипр Түрк Республикасында жарылуу болду

Жарылуудан кийин элет жердеги аянтта өрт чыкты.

1227727
Түндүк Кипр Түрк Республикасында жарылуу болду

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) борбор шаар Левкоша жана Гирненин ортосундагы Ташкент айылына жакын жерге асмандан бир нерсе түшкөндөн кийин жарылуу болду.

Жарылуудан кийин элет жердеги аянтта өрт чыкты.

Коопсуздук күчтөрүнүн эч кимдин жакындоосуна уруксат бербеген аймактан алоолонуп чыгып жаткан өрт көрүнүүдө.

Окуя болгон жерге барган ТКТРнын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, бул жердеги иликтөөлөрүнөн кийин берген маалыматында, «Алгачкы белгилөөлөр жарылууга себеп болгон нерсенин жарылуучу зат ташыган учкучсуз учуучу аппарат же болбосо түздөн-түз жарылуучу нерсе (ракета) болгонун көрсөтүп турат. Майдаланган бөлүкчөлөрдүн бетиндеги жазуулар кыска мөөнөттүн ичинде эмне экенин толук түшүнүүбүзгө жардам берет»,-деп айтты.

Кандайдыр бир жан жоготуу же жаралануу болбогонун белгилеген Өзерсай, өрт өчүргүчтөр өрттү өчүргөндөрүн айтты.

Окуя болгон жердеги иликтөөлөрдө учкучсуз учуучу аппараттын моторунун бөлүкчөллөрүнө кездешилди.

Кыйранды болгон жердеги орусча жазуулар көңүлдү бурду.

Президент Мустафа Акынжы, Түркиянын Лефкошадагы элчиси Али Мурат Башчери жана коопсуздук күчтөрүнүн командири, генерал Тефик Алган да окуя болгон жерге барып иликтөөлөрдү жүргүздү.

Акынжы: «Аймактагы согуштун биздин үлүшүбүзгө түшкөн жаман ырыскыларынан бири. Алгачкы белгилөө катары муну айта алабыз»,-деди.

Окуя тууралуу териштирүү жүрүп жатканы билдирилди.



Тектеш кабарлар