Түркия президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу КР Элчилигине барды

Жергиликтүү ой-пикир коомунун ардактуу төрагасы,президенттин башкы кеңешчиси, проф.Ялчын Топчу жакынкы убакта эле Бештепедеги кызмат орунуна келип өзү менен жолуккан Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевке элчиликке келип жолукту.

1223251
Түркия президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу КР Элчилигине барды

 Жергиликтүү ой-пикир коомунун ардактуу төрагасы, проф.Ялчын Топчу жакынкы убакта эле Бештепедеги кызмат орунуна келип өзү менен жолуккан Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен элчиликке келип жолукту. Ялчын Топчуну  Жергиликтүү ой-пикир коомунун төрагасы Метин Гүндогду коштоп келди.

Жолугушууда жергиликтүү ой-пикир коомунун ардактуу төрагасы, президенттин башкы кеңешчиси, проф.Ялчын Топчу, Түрк-Ислам аймагынын биргеликте жана күчтүү турушунун маанисине көңүл буруп «Ахыска, Балкан, Жакынкы Чыгыш, Чыгыш Түркстан, Түркия, Кавказ, Крым, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан,Түркмөнстан, Азербайжан, Африка; бул бешиктерден кайсынысында өссөк дагы биз бардыгыбыз улуу улуттун аттары жана өскөн бешиктери башкача болгон балдарыбыз,биз бири-бирибиздин өз тууганы болуп саналабыз. Кандай шарт жана кыйынчылыкка туш болсок дагы биз туугандыгыбыздын бузулуусуна уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

Кыргызстан жети көз карандысыз түрк тилдүү мамлекеттерден бири экенине басым жасаган Топчу: «Кыргызстан менен Түркия бири-биринен узак убакыт мурда ажыратылган башкача бешиктерде чоңойгон Манас Атанын эки баалуу балдары болуп эсептелет. Түрк Кеңеши, ТҮРКПА жана ТҮРКСОЙдун мүчөсү болгон  Кыргыздар биздин өз тууганыбыз. Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныган өлкө. Эки өлкөнүн карым-катнаштары маданий, экономикалык жана саясий тармактарда өсүп өнүгүүдө. «Манас» университети, ТИКА жана «Юнус Эмре» институту ата мекенибизде абдан жакшы иштерге өбөлгө болуп аткарышууда»,-деди.

Кыргыз Республикасы Түркия Республикасын ар дайым ага сыяктуу караганын белгилеген Элчи  Өмүралиев: «Биз бирбиз, окшошпуз,динибиз, тилибиз, үрп-адаттарыбыз, бардык нерсебиз бирдей, стратегиялык өнөктөшпүз. Биздин бөлөк болушубуз мүмкүн эмес. Түрк Дүйнөсү ар дайым тууган. Элчиликке келгендиги үчүн Ялчын мырза жана Метин мырзага өлкөм жана өзүмдүн атыман ыраазычылыгымды билдирем. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарыбыз улам өнүгүп уланышын каалайбыз»,-деди. Айрыкча элчи Өмүралиев, ТИКАнын Кыргызстандын Жогорку сотунун ичиндеги Конституция бөлмөсүнүн оңдолушун милдеттенишине мактоосун айтты.

Жергиликтүү ой-пикир коомунун төрагасы Метин Гүндогду болсо Жергиликтүү ой-пикир коомунун салтка айланткан Туризм министрлигинин салымдары менен уюштурулган Түрк кинолору жумалыгын август айында 2019-жыл үчүн Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болуп тандалган Ош шаарында ишке ашыра тургандарын эске салды жана элчи Өмүралиевге Жергиликтүү ой-пикир коомунун журналын белек кылды.

  



Тектеш кабарлар