Казакстандын жаңы президенти ант берип ишин баштады

Касым Жомарт Токаев элге адилеттүү кызмат кыларына, мыйзамга баш ийерин, жарандардын укугу менен эркиндигине кепилдик берерине ант берди.

1217203
Казакстандын жаңы президенти ант берип ишин баштады

Казакстанда эрте президенттик шайлоодон жеңиш менен чыккан Касым Жомарт Токаев ант берип кызматын баштады.

Өлкөдө 9 -  июнда болгон президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болгон Токаевдин Көз карандысыздык сарайында өткөрүлгөн ант берүү аземине мурунку президент Нурсултан Назарбаев менен кабинет мүчөлөрү, депутаттар, Казакстанда иш алып барган чет өлкөлөрдүн элчилери менен көп сандаган конок катышты.

Токаев элге адилеттүү кызмат кыларына, мыйзамга баш ийерин, жарандардын укугу менен эркиндигине кепилдик берерине ант берди.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Берик Имашев президенттик күбөлүгүн тапшыргандан кийин сөз сүйлөгөн Токаев Казакстандын стратегиялык мааниге ээ болгон долбоорлорун ишке ашыруу үчүн иштей тургандыгын, мурунку президент Назарбаевдин стратегиясын ишке ашырарын айтты.

Токаев Казакстандын демилгечилерди колдой тургандыгын, өлкөгө инвестиция тартарын жана аларды коргой тургандыгын, демилгечиликти колдоп ортоңку классты түзөрүн айтып : «Максатым элдин биримдигин түзүү жана ар бир жарандын укукун коргоо»,- деди.

Токаев коомчулук менен бийликтин ортосундагы диалогдун өнүгүшүнүн элди тынчсыздандыргандыгын, мындай бир диалогдун көпчүлүккө таянышы керектигин баса белгилеп, коомчулуктун бардык катмарларынан өкүлдөр орун ала турган Улуттук Коомдук Коопсуздук Кеңешин түзүү чечимин чыгаргандыгын белгиледи.  

Бийликтин элге берген убадаларын орундатышы керектигин белгилеген Токаев : «Ушул жол менен гана элдин биримдигин жана өлкөдө ырааттуулукту түзө алабыз»,- деди.

Токаев өлкөсүнүн дүйнөдө чоң күчкө ээ болгондугун жана тынчтыкчыл, ачык өлкө, эл аралык иштерде ишенимдүү  таанылгандыгын айтып : «Тең салмактуу жана көп тараптуу тышкы саясатты жүргүзүүнү улантабыз. Эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды коргойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар