Азейбайжан-Грузия-Түркиянын Коргоо министрлеринин Үчтүк жыйналышы өткөрүлдү

Азейбайжан-Грузия-Түркиянын Коргоо министрлеринин 7-Үчтүк жыйналышы өткөрүлдү.

1217469
Азейбайжан-Грузия-Түркиянын Коргоо министрлеринин Үчтүк жыйналышы өткөрүлдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да катышкан Азейбайжан-Грузия-Түркиянын Коргоо министрлеринин 7-Үчтүк жыйналышы өткөрүлдү.

Азербайжандын Галаба шаарындагы жыйналыштан кийин Акар, Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана Грузиянын коргоо министри Леван Изория менен жыйнашлышта чыгарылган чечимдер тууралуу протоколго кол коюшту.

Кол коюу аземинен кийин сөз сүйлөгөн Акар, жыйналышта Түштүк Кавказ аймагы темасында биргелешкен көз карашка ээ болгон министрлер менен жолугуп аймактык темаларды кароо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгондорун айтты.

Түркия, Грузия жана Азербайжандын турган аймагынын мунай зат жана жаратылыш газ сыяктуу маанилүү энергия булактарынын иштетилиши жана булардын берки аймактарга жеткирилиши жагынан абдан мааниге ээ болгонуна басым жасаган министр Акар, ушул себептен үч өлкөнүн кызматташтыгы, биргелешип иштөөсү жана координациясынын чындап эле атайын мааниге ээ болгонун белгиледи.

Тынчтыкка толгон келечектин курулуусу оюу менен башталган Кавказда Түркия, Азербайжан жана Грузиянын ортосунда күн өткөн сайын тереңдешкен жана байыган үчтүк кызматташтыктын бар экенин айткан Акар: «Алдыбыздагы мезгилде бул өнүгүп бир гана коргонуу, аскердик жана коопсуздук темалары менен чектелип калбайт, бардык тармактарга жайылып ортобуздагы кызматташтык дагы кеңири жана пайдалуу түрдө уланат деп ишенем»,-деди.

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов, үч өлкөнүн берки тармактарда болгону сыяктуу коргонуу тармагында да кызматташуусун улантканын белгилеп, Грузия жана Азербайжан катары Түркиянын террорго каршы күрөшүн колдоого алгандарын айтты.

Хасанов, жыйналышта Азербайжан менен Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүлгөнүн түшүндүрдү.

Грузиянын коргоо министри Леван Изория болсо аймакта коопсуздуктун пайдубалынын эл аралык укуктук принциптерге ылайыктуу түрдө ар бир өлкөнүн жеринин бүтүндүгү жана эгемендигинде болгонун баса белгилеп, «Эл аралык таанылган чек аралардын ичинде Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине толук колдоо көрсөтөөрүбүздү баса белгилегим келет»,-деди.

 



Тектеш кабарлар