Азербайжанда Республика күнү

Азербайжанда 1918 -  жылы 28 -  майда жарыяланган республиканын 101 – жылы белгиленүүдө.

1209146
Азербайжанда  Республика күнү

Азербайжанда 1918 -  жылы 28 -  майда жарыяланган республиканын 101 – жылы белгиленүүдө.

Майрамдын негизинде президент Илхам Алиев борбор шаар Бакуда Республика эстелигинин алдында уюштурулган аземге катышты. Азербайжан улуттук маршы аткарылып,  Алиев эстеликке гүл чамбар койду.

Республика күнүнөн улам АКШ, Япония, Британия, Кытай, Сан Марино, Болгария, Италия, Түркмөнстан, Египет, Казакстан, Алжир, Кыргызстан, Тажикстан, Куба, Бельгия, Сауд Арабия, Ирак, Индия, Афганстан, Австрия, Өзбекстан, Швеция, Түштүк Корея сыяктуу көп сандаган өлкөнүн лидерлери же жогорку мартабалуу башкаруучусу президент Алиевди куттуктады.

Президент Р. Т. Эрдоган да Алиевге куттуктоо жибери.

Азербайжан республикасынын көз карандысыздыгы 1918 -  жылы 28 -  майда Грузиянын Тбилиси шаарында Мехмет Эмин Ресулзаденин жетекчилигиндеги Азербайжан Улуттук Кеңеши тарабынан жарыяланды.

Баку Армения жана большевиктик козголоңчулары тарабынан басып алынгандыктан Фетхали Хан Хойскинин жетекчилигинде түзүлгөн убактылуу Азербайжан өкмөтү ишин бир канча убакыт Генже шаарында жүргүздү. Азербайжан көз карандысыздыгын биринчи болуп кабыл алган Осмон мамлекети болду. Эки мамлекеттин арасында түзүлгөн келишимдин негизинде барган сайын арткан армян жана большевиктик коркутууларга каршы Нури Пашанын командирлигиндеги Кавкас ислам Армиясы жардам берди. Гөйчай, Салян, Агсу жана  армян козголоңдорунан  тазалап, 1918 -  жылы 15 -  сентябрда Бакуну куткарды. Кавказ Ислам армиясы Бакунун курулушу үчүн болгон согуштарда 1130 шейит берди.

Чыгыштын биринчи демократиялык республикасы катары кабыл алынган Азербайжанда кыска убакытта билим берүү, диний жана абийир эркиндиги жактан реформалар ишке ашырылды. Өлкөнүн өз акча бирдиги жүгүртүүгө кирди.

 

 

 



Тектеш кабарлар