Эрдоган Алиевге куттуктоо жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиевге куттуктоосун жөнөттү.

1206388
Эрдоган Алиевге куттуктоо жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиевге куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

Эрдоган, Илхам Алиевге 1918-жылы 28-майда жарыяланган Республиканын жылдыгынан улам куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү.

Эрдогандын Алиевге жөнөткөн билдирүүсүндө булар орун алды: «Бир улут эки мамлекет урааны менен кеңейген стратегиялык карым-катнаштарыбызды дагы күчтөндүрүүгө чечкиндүү экендигибизди баса белгилегим келет».

Ошондой эле Эрдоган, билдирүүсүндө дос жана боордощ Азербайжандын көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин бардык тармакта жетишилген чоң ийгиликтердин Түркия үчүн сыймыктануу булагы болгонуна көңүл бурду.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Илхам Алиев

Тектеш кабарлар