Министр Ч.Айдарбеков Түркиянын Дин иштери башкармалыгына барды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен аны коштогон делегация Түркия Республикасынын Дин иштери башкармалыгынын төрагасы проф.др.Али Эрбаштын кызмат орунуна барып жолугушуу өткөрдү.

1196955
Министр Ч.Айдарбеков Түркиянын Дин иштери башкармалыгына барды
AYDARBEKOV-ERBAŞ2.jpg

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен аны коштогон делегация Түркия Республикасынын Дин иштери башкармалыгынын төрагасы проф.др.Али Эрбаш менен жолукту.

Кыргызстандан ушундай сапар болуп жатканына кубанганын айткан дин иштери башкармалыгынын төрагасы Эрбаш, Түркиянын Кыргызстан менен диний, маданий жана бир топ байланыштары бар экенин айтты.

Төрага Эрбаш, өткөн жылы президент Режеп Таййип Эрдогандын жана президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Имам Сарахси» атындагы мечиттин ачылышын жасагандарын эске салып, «Бишкек үчүн мечиттин салынышы чоң пайда алып келет. Мечиттер Исламдын өзгөчөлөнтүп турган белгиси  болуп саналат. Бул жагынан алганда буюрса ал аймактын мусулман аймагы болушунун кыяматка дейре билинишине чоң салым кошот»,-деди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, болсо жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирип, рамазан айы менен куттуктап кетти.

Кабыл алууга Дин иштери башкармалыгынын төрага орун басары др.Селим Аргун да катышты.



Тектеш кабарлар