Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абал

Ворух айылында тажик жана кыргыз жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалда бир тажик жараны каза болгон.

1163672
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абал

 Тажикстандын Кыргызстан чектеринин ичиндеги Ворух айылында тажик жана кыргыз жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалда бир тажик жараны каза болгон.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгы тарабынан берилген маалыматта Кыргызстандын чек арасындагы Тажикстанга таандык Ворухта эки өлкөнүн  жарандарынын ортосунда жаңжал чыккандыгы белгиленди.

Маалыматта жаңжалдын Ворух айылынын жакындарында талаш  - тартыштуу аймакта кыргыз жетекчилеринин өкмөттөр аралык токтомго тескери жол курушуна тажик жарандарынын нааразычылык билдириши менен чыккандыгы белгиленди.

Ошондой эле маалыматта таш, таяк жана аң уулоочу мылтыктар колдонулгандыгы белгиленген окуяда 10 тажик жараны жараланып, 1 тажик жараны каза болгон. Жаңжалдан кийин кыргыз жетекчилер Тажикстандан Ворухка кеткен жолду жапкан. Бул багытта бара жаткан эки унаадагы 30 тажик жараны барымта катары кармалгандыгы билдирилген.  

Аймактагы абал эки өлкөнүн чек араны коргоо бөлүктөрү тарабынан текшерүүгө алынып расмий мекмелер арасындагы сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар