Кыргызстанда "Ак калпак" күнү белгиленүүдө
Бул майрам, жылына ар түрдүү иш-чаралар менен өткөрүлүп келет.
1156975
Бүгүн, Кыргызстанда “Ак калпак күнү” белгиленүүдө. 2011-жылдын 5-мартынан бери уюштурулуп келе жаткан бул майрам, жылына өзгөчө шаң жана атайын иш-чаралар менен өткөрүлүп келет.
Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары баалоо максатында демилгени режиссер Рысбек Жабиров көтөргөн. Ал эми, Ак калпак күнүн белгилөө расмий түрдө 2016-жылы кабыл алынган.
КТРК