Лавров Кыргызстандагы университетте сөз сүйлөдү

Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров Кыргызстандагы экинчи аскердик базанын ачылышы тууралуу Россиянын позициясын билдирди.

1138611
Лавров Кыргызстандагы университетте сөз сүйлөдү

Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров, бүгүн Кыргыз-орус славян университетиндеги студент жана окутуучулар менен жолугушууда актуалдуу темалар боюнча сөз сүйлөдү.

Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров,АКШнын Орто аралыкка учуучу ядролук күчтөр келишиминен (INF) чыгуусу менен жаңы «Суук согуш» мезгилине кирилбегенин белгилеп өттү.

 Орусиянын жаңы куралдануу жарышына кирүүнү пландабаганын айткан Лавров: «АКШнын келишимден чыгуусунун себебинен пайда болгон коркунучтарга болсо албетте техникалык жана аскердик жактан жооп беребиз. Бул алдын алуулар Орусиянын Коргоо министрлигинин учурдагы бюджетинен каржыланат»,-деди.

АКШны Талибан менен болгон сүйлөшүүлөрдү толугу менен колго алууга аракет кылганы менен күнөөлөгөн Лавров: «Ооганстанда өкмөт менен Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү ар ким боло турган иш катары көрөт. Бирок АКШ, бул сүйлөшүүлөрдү калган бардык өлкөлөрдү караңгылыкта калтырып жашыруун түрдө жүргүзүүгө аракет кылууда. Мындай түрдөгү бир беткей аракеттерди кара өзгөйлүк катары көрүүдөбүз»,-деп айтты.

Орусиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров Кыргызстандагы экинчи аскердик базанын ачылышы тууралуу Россиянын позициясын билдирди. Анын айтымында, аталган демилгени эки тарап талкуулай элек болгондуктан бул боюнча комментарий берүү азырынча эрте.

"Бул биздин демилге эмес. Биз бул тууралуу алгач ирет уктук. Коопсуздук максатында жаралган идеяларды биздин кыргыз досторубуз менен талкуулоого даярбыз", - деди Лавров.

Эскерте кетсек, 18-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында россиялык "Интерфакс" агенттигинен Кыргызстандын түштүгүндө экинчи россиялык базаны ачуу боюнча сөздөр тууралуу суроо жаңырган. Мамлекет башчы ага кыска жооп берип, азырынча андай кадамдар керек эместигин билдирген.

Бирок Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов россиялык ТАССбасылмасында 1-февралда чыккан маегинде "дагы бир россиялык базанын ачылар же ачылбасы Кыргызстандын башчысынын жана тийиштүү күч түзүмдөрү жана мекемелердин көзөмөлүндө" экенин айткан.

Ошондой эле ал баса белгилегендей, бул маселе үстүбүздөгү жылдын март айында Владимир Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында талкуулана турган күн тартибиндеги негизги темалардын бири болушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар