Ташкентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Элдик дипломатия борбору түзүлдү

Аталган борбор уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы мамилени ар тараптуу чыңдоону көздөйт.

1136649
Ташкентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Элдик дипломатия борбору түзүлдү

Өзбекстандын ордо калаасы Ташкентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун Элдик дипломатия борбору түзүлдү. Аталган борбор уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы мамилени ар тараптуу чыңдоону көздөйт. Жаңы түзүм коммерциялык эмес уюм катары иш алып барат.

Борбордун максаты — коңшулук мамилелерди бекемдөө, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, ШКУ өлкөлөрүн жакындатуу үчүн элдик дипломатия инструменттерин колдонуу, уюмга мүчө өлкөлөрдөгү коомдук жарандык уюмдардын өз ара байланышын бекемдөө, маалымат тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү  болуп эсептелет. Андан сырткары жаштар жана аялдар коомдорунун ортосундагы мамиле чыңдалат.

Борбордун курамына улут аралык мамилелер комитети, Тышкы иштер министрлиги, Маданият министрлиги, Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги, Дене тарбия жана спорт комитети, Туризмди өнүктүрүү комитети, Илимдер академиясы, Жаштар биримдиги, Журналисттер чыгармачыл биримдиги жана Жазуучулар биримдиги кирет.



Тектеш кабарлар