Казакстан менен Өзбекстандын "Жибек визасы"

"Жибек визасы" февраль айында ишке кире баштайт.

1111213
Казакстан менен Өзбекстандын "Жибек визасы"

Казакстан менен Өзбекстан Европа орток саммити Шенгенге окшош боло турган «Жибек визаны» февраль айында ишке киргизе баштайт.

Казинформдун кабарына караганда Өзбекстан мамлекеттик туризм комитетинин төрага орун басары Улугбек Касымхожаев журналисттерге берген маалыматында Шенгенге окшогон визанын Орто Азия версиясы «Жибек визаны» февраль айынан баштап ишке ашырууну пландашкандарын айтты. Ишке ашыруунун максатынын Орто Азияга туристерди тартуу жана аймакты популярдаштыруу экендигин айткан Касымхожаев проектинин Казакстан жана Өзбекстан тарабынан бекитилгендигин, артта бир гана техникалык каражаттардын калгандыгын билдирди. Касымхожаев буга Кыргызстан менен Тажикстандын да кызыккандыгын, Казакстандын проектиге Азербайжан менен Түркияны да кошууну пландагандыгын билдирди.

Казакстан сенатынын эл аралык карым  - катнаштар, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева июнь айында Өзбекстанга аймакка турист тартуу максатында «Жибек визаны» ишке ашырууну сунуш кылган.

 

 

 



Тектеш кабарлар