Кыргыз студенттер Анкарада Айтматовду эскеришти

Анкарада залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын эскерүү кечеси өттү!

1108020
Кыргыз студенттер Анкарада Айтматовду эскеришти


Кечээ 14- декабрда , Анкарада Кыргыз студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган Ч. Айтматовдун 90-жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага Түркиянын туш тарабынан жазуучубузга кайдыгер карабаган студенттер келип катышышты. Эскерүү кечеси Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгына байланыштуу суроолорду камтыган акыл таймашы менен өзгөчөлөндү. Таймашка 9 команда катышып ичинен 3 мыкты команда акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
1-орунду "Манас" командасы , 2-орунду "3+1" командасы алса, 3-орунду " Обон" командасы алды. Жалпыга пайдалуу акыл таймашы чакан концерт менен коштолду. Кеченин аягы мыкты маанай, жаңы таанышуулар, куштар көңүлдөр менен аяктады.



Тектеш кабарлар