Казакстан 11 айда 66 миллион тонна нефть экспорттоду

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев 11 айда 66 миллион тонна нефть экспорттошкондорун айтты

1104739
Казакстан 11 айда 66 миллион тонна нефть экспорттоду

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев 11 айда 66 миллион тонна нефть экспорттошкондорун айтты. Бозумбаев министрлер кеңешинин жыйынында январь  -  ноябрь айларында энергетика секторунда оң динамикага жетишкендерин белгилеп : «Нефть өндүрүшү өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 4, 9 пайыздык өсүү менен 82, 4 миллион тоннага жетти»,- деди.

Министр Бозумбаев өлкөдө рафинерияланган нефть көлөмүнүн 15 миллион тоннага жеткендигин жана мунун да өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 8, 6 пайыз болуп ишке ашкандыгын билдирди.

Январь  - ноябрь айларында өлкөдө 50, 5 миллиард метр куб жаратылыш газ өндүрүлгөн жана мунун өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 4, 8 пайыз менен ишке ашкандыгын белгилеген Бозумбаев : «Жаратылыш газ экспорту болсо өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 14 пайыздык өсүү менен 17, 9 миллиард метр куб болду»,- деди. Бозумбаев өзгөчө өлкөдө 19, 6 миң тонна урандын өндүрүлгөндүгүн да сөздөрүнө кошту.

Казакстан нефть жана жаратылыш газ экспорттогон өлкөлөрдүн арасында Италия, Голландия, Франция, Швейцария жана башка Европа Биримдиги өлкөлөрү менен Өзбекстан, Белорусия, Кыргызстан, Орусия жана башка КМШ өлкөлөрү да бар.



Тектеш кабарлар