ТИКА Бишкекте кесиптик билим алгандарга сертификат тапшырды

Бишкекте өткөрүлгөн кесиптик билим курстарын ийгиликтүү бүтүргөн курсиерлерге сертификат берилди.

1071569
ТИКА Бишкекте кесиптик билим алгандарга сертификат тапшырды

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын колдоосу менен Бишкекте өткөрүлгөн кесиптик билим курстарын ийгиликтүү бүтүргөн курсиерлерге сертификат берилди.

ТИКАнын Бишкектеги программа координаторлугунун билим берүү борборунда «3D  моделдөө жана анимация», «график-долбоорлоо», «веб дизайн», «аудио жана видео монтаж», «компьтерди жаңы баштоо» жана «тигүүчүлүк жана саймачылык» тармактарында эки айлык кесиптик билим курсун бүтүргөн курсиерлерге сертификаттары ТИКАнын Бишкектеги программа координатору Али Муслу тарабынан тапышырылды.

Муслу, ТИКАнын миссиясы жана Кыргызстандагы иш-аракеттери темасында маалымат берсе, «ТИКА катары Кыргызстандын өнүгүүсүнө карай долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Өткөн жылы үйдө олтурган айымдар үчүн кесипке ээ кылуу курстарын уюштурдук. Курстарыбыз ар кимге ачык. Бул долбоорлор алдыбыздагы мезгилде дагы уланат»,-деди.

ТИКАнын кесипке ээ кылуу курсуна катышып сертификатын алган 89 жашындагы Николай Елисеев, компьютер колдонууну үйрөнгөнүн жана Укураинада жашаган неберлери менен компьютерде сүйлөшө баштаганын айтып, ТИКАга ыраазычылыгын билдирди.

Бишкеетеги медицина факультетинин акыркы курсунун студенти Каныкей Саматова дагы медицина тармагында келечекте мугалим катары иштегиси келгенин, бул үчүн графика-долбоорлоо курсуна катышканы үчүн кубанычка экенин айтты.



Тектеш кабарлар