Имам Матуриди Анкарада эскерилет

Имам Матуриди Анкарада эскерилет

1071975
Имам Матуриди Анкарада эскерилет

Түрк ислам дүйнөсүнүн маанилүү аалымы Имам Матуриди Анкарада эскерилет. Түрк дүйнөсүнүн парламентарлар фонду тарабынан 25-27-октябрь күндөрүнүн аралыгында борбор шаар Анкарада Эл аралык «Имам Матуриди» семинары өткөрүлөт.

Семинарда ислам дүйнөсүндө 10-кылымда башталган чоң агаруунун борборунда турган ислам ойчулу болгон Имам Матуридинин издери талкууланат, тарыхта болгону сыяктуу жаңы түрк-ислам цивилизациясын түзүү пикиринин негизи түптөлөт.

Семинарда Ислам дүйнөсүнүн маселелеринин как ортосуна түшүү, анализдөө жана ислам ой жүгүртүү тарыхына маанилүү салымдарды кошкон Абу Мансур ал-Матуридинин ой пикир жана көз караш дүйнөсүнүн иликтенүүсү максатталган.

Семинарга АКШ, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 6, Түркиядан дагы 42 киши болуп бардыгы 48 илимпоз катышат.

Семинар үчүн «www.maturidi.org» интернет барагы тейлөөгө кирди.

Семинардын акырында маалымат жыйын менен түрк, англис, орус, араб,француз жана перс тилдеринде даярдалган жыйынтык билдирүүсү улуттук жана эл аралык медиа менен бөлүшүлөт.

Семинарда берилген баяндамалар, китепке айландырылып кайра ошол тилдерде жарыяланат.

Семинардын медиа демөөрчүлүгүн Түркия радио-телеберүү мекемеси милдеттенди. 


Этикеткалар: #Имам Матруди

Тектеш кабарлар