Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда аскердик кызматташуу

Эки министр өзгөчө эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин арасында 2019 -  жылы аскердик кызматташуу планына кол койду.

1067793
Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда аскердик кызматташуу
Sergey Şoygu.jpg

Орусия менен Өзбекстандын ортосунда аба мейкиндиктеринин аскердик учактар тарабынан колдонулушуна байланыштуу келишимге кол коюлду.

Орусия жана Өзбекстандын коргоо министрликтеринен берилген маалыматка караганда КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Ташкентке барган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Өзбекстан коргоо министри Абдусалом Азизов менен жолугушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуунун абалы жана перспективалары каралган жолугушууда сөз сүлөгөн Шойгу Орусиянын Өзбекстандын коопсуздук тармагы да болгон Орто Азияда стратегиялык өнөктөш катары көргөндүгүн айтты.

Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн 340тан ашуун кызматкеринин бул жылы Орусиядагы аскердик окуу жайларынан билим ала баштаганлыгын белгилеген Шойгу Орусия менен Өзбекстандын коргоо министрликтеринин ортосунда кызматташуунун өнүктүрүлүшүнөн кубанычтуу экендигин айтты.

Абдусалом Азизов да Өзбекстандын аскердик  - техникалык тармакта да Орусия менен кенен түрдө кызматташууну өнүктүрүүнү пландагандыгын билдирип, бул жылы эки өлкөнүн ортосунда аскердик -  техникалык жана аскердик билим берүү тармактарындагы кызматташуунун арткандыгына көңүлдөрдү бурду.

Жолугушуудан кийин Шойгу менен Азизов аба мейкиндиктеринин эки өлкөнүн аскердик учактары тарабынан колдонушу тууралуу келишимге кол коюшту.

Эки министр өзгөчө эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин арасында 2019 -  жылы аскердик кызматташуу планына кол койду.



Тектеш кабарлар