Түркия Түрк Кеңешинин алкагындагы иштерин ылдамдатат

Тышкы иштер министрлиги «3-октябрь Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү» боюнча жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.

1062541
Түркия Түрк Кеңешинин алкагындагы иштерин ылдамдатат

Түркия Түрк Кеңешинин (Түрк Консейи) алкагындагы иштерин координациялуу жана колдошуу менен жүргүзө турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин «3-октябрь Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү» боюнча жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан республикаларынын ортосунда 2009-жылы 3-октябрда кол коюлган Нахечиван келишими менен аймактык кызматташтык уюму катары Стамбулда курулганы эске салынды.

Анда керек болсо Түрк Кеңеши, керек болсо байланышы болгон мекемелердин Анкара борбору орун алган Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ), Астанада борбору орун алган Түрк Академиясы, Бакуда орун алган Түрк маданият жана мурастар фонду менен Түрк Парламенттер Ассамблеясы (ТүркПА) тарабынан ушул убакка дейре орундатылган ар түрдүү долбоорлордун Түрк дүйнөсүнүн биримдик жана ынтымагынын күчтөндүрүлүшүнө салым кошо турганы айтылды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда 3-сентябрда Кыргызстанда өткөрүлгөн жана Венгрия байкоочу катары кабыл алынган Түрк Кеңешинин 6-Саммитинин да мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын тереңдетилиши багытында маанилүү кадам болгону баса белгиленген жарыяда: «Түрк кеңешинин алкагындагы иштер координациялуу жана колдошуу менен жүргүзүлөт»,делди.



Тектеш кабарлар