Азербайжан армиясы машыгууларын баштады

Азербайжан армиясы 20 миң аскер катышкан кенен масштабдуу машыгууну баштады.

1051175
Азербайжан армиясы машыгууларын баштады

 Азербайжан армиясы 20 миң аскер катышкан кенен масштабдуу машыгууну баштады.

Коргонуу министрлигинен берилген маалыматта президенти Илхам Алиев бекиткен  план боюнча коргоо министри Закир Хасановдун командирлигинде өткөрүлгөн машыгууга армиянын түрдүү командирликтерине караштуу бөлүктөрдүн катышкандыгы билдирилди.

Ар башка аймактарда 20 миң аскердин катышуусу менен өткөрүлгөн машыгууда душман буталарына операциялар жүргүзүлөт жана жаңы куралдар сыналат.

Машыгууда 200дөн ашуун танка менен ок өткөрбөс унаа, 120дан ашуун ракета, 30га жакын учак жана тик учар орун алууда. Машыгуу 22 -  сентябрга чейин улантылат.



Тектеш кабарлар