Йозгатка жайгашкан кыргыздар менен фестивалда

Йозгат шаарынын аймагына Түркия мамлекети үй салып Вандык Кыргыздарды камкордугуна алууда.

1023420
Йозгатка жайгашкан кыргыздар менен фестивалда
Yozgat_Yenifakıllı2.jpg

Түркиянын борбору Анкарага жакын жайгашкан Йозгат шаарынын аймагына Түркия мамлекети үй салып вандык кыргыздарды камкордугуна алууда. Былтыр башталган курулуш иштеринин натыйжасында быйыл Ванда жашаган Кыргыз боордоштор көчүп келүүдө. Алардын айтымында Түркия бул жакка көчүп келип отурукташууну өздөрүнүн тандоосуна койгон. Учурда 130 үй-бүлө каттоого туруп анын 60ка чукулу көчүп келүүгө кам уруп башташкан. Ал эми ал жердеги курулуш иштери дагы уланып, салынган үйлөрдүн катары толукталып жатат. Жалпы жонунан 324 үй курулат деп пландалууда.

          Ал эми салынып жаткан үйлөрдүн шарты жашоочуларды толук бойдон канааттандырат. Буга чейин ээн талаа болуп жаткан аймак болсо дагы баардык шарты менен камсыз кылышууда. Электр жарыгы, суу жана башка муктажыдыктардын бардыгы кынтыксыз чечилген.  Ал эми ар бир салынган имарат эки эташтан туруп, ичине төрттөн үй бүлөө батат. Бир бөлмөлүү жана эки бөлмөлүү болуп көлөмүнө жараша да тандалат.

          Учурда Ванда жашаган Кыргыздардын бир тобу бул жакка көчүп келүүнү көздөп жатышат. Биринчиден Ванда өздөрүнө бөлүнгөн аймак адам саны көбөйгөндүктөн жылдан жылга тарып барат. Экинчиден мындай жеңилдетилген шарт менен Түркияга келүү өздөрүнүн жанына деле тынч деп эсептешет.

Чынгыз Рыскелдиев

 



Тектеш кабарлар