Өзбекстандын алгачкы шамал станциясын Siemens курат
Энергия өндүрүү секторун түрдөнтүүнү максат кылган Өзбекстан өкмөтү атомук станция куруу чечиминен кийин шамал станциясын куруу үчүн аракетке өттү.
Өзбекстандагы алгачкы шамал энергиясы станциясын немис технология холдинги Siemens курат.
Энергия өндүрүү секторун түрдөнтүүнү максат кылган Өзбекстан өкмөтү атомук станция куруу чечиминен кийин шамал станциясын куруу үчүн аракетке өттү.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 2018 – 2019 - инвестиция жана базис проектилеринин ишке ашышын ылдамдатуу үчүн кошумча чаралардын көрүлүшүнө байланыштуу чечимге кол койду. Чечим боюнча немис Siemens фирмасынын өлкөнүн Зарафшан аймагындагы 100 мегаваттык көлөмдөгү шамал станциясын курушу бекитилди.
Проект наркы 100 миллион доллар болгон станциянын курулушунун 2022 - жылга чейин бүткөрүлүшү пландалууда. Проектин Өзбекстандагы биринчи шамал энерегиясы станциясы болушу менен жаңыланууга боло турган энергетика секторунда аткарыла турган көп сандаган проект үчүн башталгыч болушу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.