Түрк жана Азербайжан диаспорасы бирдикте иш алып барат
Бакуда Азербайжан диаспорасынан жооптуу мамлекеттик комитеттин курулушунун 16 жылдыгына карата иш чара өткөрүлдү.
Азербайжан диаспорасынан жооптуу мамлекеттик комитеттин төрагасы Фуат Мурадов Түркияда өткөргөн сүйлөшүүлөрдө түрк жана Азербайжан диаспора мекемелеринин биргеликте иш алып барышы тууралуу макулдашуу түзүшкөндөрүн айтты.
Бакуда Азербайжан диаспорасынан жооптуу мамлекеттик комитеттин курулушунун 16 жылдыгына карата иш чара өткөрүлдү.
Иш чарада сөз сүйлөгөн Мурадов кызматка келген 2 жарым айдын ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат берди.
Биринчи сапарын 22 – 26 - май күндөрү бир тууган Түркияга жасагандыгын эске салган Мурадов түрк жетекчилер менен жана Түркияда жашаган азербайжандыктар менен жолугушкандыгын билдирди.
Орусия федерациясынын Астрахань аймагына жана Грузияга да баргандыгын айткан Мурадов : «50дөн ашуун өлкөдө Азербайжан диаспорасы иш алып барууда. Бардык азербайжандыктар бир болушу керек жана территория бүтүндүгүнүн түзүлүшү үчүн иштеши керек. Негизги бир милдетибиз бар. Биригүүбүз керек. Өлкө тышында жашаган жарандарыбыздын кайда болсо болсун азербайжандык экендерин унутпашы керек. Бирдикте иштей турган болсок аткара албай турган иш жок»,- деди.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.