Айтматовду эскерүү

Чынгыз Айтматов, бүгүн дүйнөдөн кайтышынын 10-жылында «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги кабырында эскерилди.

989805
Айтматовду эскерүү
Aytmatov_anma1.jpg
Aytmatov_anma2.jpg
Aytmatov_anma3.jpg
Aytmatov_anma4.jpg

Дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов, бүгүн дүйнөдөн кайтышынын 10-жылында «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги кабырында эскерилди.

Эскерүү аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьерлер, жаргиликтүү башкаруунун өкүлдөрү, кесиптештери, туугандары, үй-бүлөсү жана Айтматов сүйүүчүлөрү катышып, гүлчамбар жана гүлдөрдү коюшту.

Айтматовду кабарында эскерген Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Айтматовдун бүтүндөй Түрк дүйнөсү жана дүйнөдөгү элдердин эң сүйүлгөн жазуучуларынан бири болгонуна басым жасады.

Чынгыз Айтматов, Талас облусунун Шекер айылында 1928-жылы 12-декбарда жарык дүйнөгө келген. Адабияттагы эмгектери менен катар Кыргызстандын Люксембург, Бельгия жана Нидерландиядагы элчилик кызматын аркалаган жана ошондой эле Европа Биримдиги, НАТО, ЮНЕСКО менен Бенилюкс өлкөлөрүнүн Кыргызстан делегаттыгын кылган.

Чыгармалары 157 тилге которулган Айтматов, 2008-жылы май айында орус телеканалдарынан бирөөнүн даректүү тасма тартуулары үчүн Татарстандын борбор калаасы Казанга барып сыркоолоп калат жана дарыланышы үчүн алып барылган Германияда 10-июнда көз жумган.



Тектеш кабарлар