Өзбекстандын тышкы соода көлөмү

Өзбекстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн арасында Түркия төртүнчү орунда турат.

950762
Өзбекстандын тышкы соода көлөмү

Түркия Өзбекстандын төртүнчү чоң соода өнөктөшү болуп саналат.

Түркия жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстандын жалпы тышкы соода көлөмүндө, 5 пайыздык үлүш менен төртүнчү орунду ээледи.

Өзбекстандын мамлекеттик статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, өлкөнүн тышкы соода көлөмү быйылкы жылдын биринчи үч айында 7,9 миллиард доллар деп катталды. Аты аталган мезгилде Өзбекстандын экспорту 4,1 миллиард доллар, импорту болсо 3,8 миллиард доллар болду.

Жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн арасында биринчи орунду 18,6 пайыздык үлүш менен Орусия ээлесе, андан кийин 17,4 пайыздык үлүш менен Кытай, 7,3 пайыздык үлүш менен Казакстан жана 5 пайыздык үлүш менен Түркия турат.  

 



Тектеш кабарлар