Илхам Алиев кайрадан Азербайжандын президенти болуп шайланды
Шайлоодо Илхам Алиев добуштардын 86, 09 пайызын алды.
Азербайжанда болгон президенттик шайлоонун расмий болбогон алгачкы жыйынтыктарына караганда 86, 09 пайыздык добуш менен азыркы президент жеңип чыкты. Азербайжан Борбордук Шайлоо Комитетинин төрагасы Мезахир Пенахов өткөргөн пресс - жыйында расмий болбогон жыйынтыктарга караганда Алиевдин добуштардын 86, 09 пайызын алып шайлоодон жеңиш менен чыккандыгын жарыялады. Пенахов Бириккен Азербайжан Элдик Фронт партиясынын талапкери Кудрет Хасангулиевдин добуштардын 3, 4 пайызын алып экинчиликти, көз карандысыз талапкер Захид Оручтун 3, 07 пайыздык добуш алып үчүнчүлүктү алгандыгын белгиледи. Шайлоого катышуу катнашы 74, 51 пайыз деп билдирилди.Сандар билдирилгенден кийин Алиев элге кайрылып рахмат айтты. Илхам Алиев : «Азербайжан калкы бул шайлоодо ырааттуулукка, коопсуздукка, өнүгүүгө добуш берди»,- деди.
Ошол эле учурда президент Р. Т. Эрдоган кайрадан Азербайжандын президенти болуп шайланган Илхам Алиевге телефон чалып куттуктады.Президенттик булактардан берилген маалыматка караганда Эрдоган Алиевге Азербайжандагы шайлоонун тынчтык ичинде өтүшүнүн кубантуучу экендигин белгилеп, президенттик шайлоодо төртүнчү жолу жеңиш менен чыгышынан улам куттуктады.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.