Кыргызстан күнү Кайсери шаарында өткөрүлдү

Түркиянын Кайсери шаарында Кыргызстан маданият күнү өткөрүлдү.

944634
Кыргызстан күнү Кайсери шаарында өткөрүлдү
Kayseri2.jpg
Kayseri3.jpg

Түркиянын Кайсери шаарында Кыргызстан маданият күнү өткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү Түркия мамлекетинин Кайсери шаарында окуган кыргыз студенттер тарабынан «Кыргызстанды таанытуу күнү» өткөрүлдү. Аталган маданий иш-чарага Эржиес университетинин ректору баштаган факультет декандары менен бирге бир канча өлкөдөн келген студенттер катышты. «Мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүп келебиз. Ар жылы программабызда кыргыз маданияты менен тааныштырабыз. Андан сырткары кайыш, кийизден жасалган улуттубузга таандык сувенирлерди көргөзмөгө коюу менен бирге залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун китеп бурчу да уюштурулуп келет. Быйылкы ич-чарабыз мурдагы жылдардан айырмаланып бул жакта окуган чет өлкөлүк досторубузду жана түрк боордошторубузду күзүндө боло турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакыруу иретинде өттү. Эки саатка созулган программабызда улуттук аспаптарыбыздын коштоосунда аткарылган ыр, бий менен бирге театрлаштырылган сценкабызга 50дөн ашык ар башка мамлекеттерден келип окуп жаткан 500гө чукул студенттери күбө болушту. Концерттик программабыздын жүрүшүндө Кыргызстан тууралуу түзүлгөн суроо-жооп оюну менен бактылуу билет оюну уюштурулуп атайын Кыргызстандан алдырган белектерибизди тартууладык. Концертибизден кийин бир чоң казан аш басылып, келген конокторго таркатылды» - дейт Кайсери шаарындагы «Кыргызстан студенттер биримдигинин» төрагасы Эрболот Касымов. КРнын Түркиядагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча бул  өлкөдө 19 миңдей кыргыз бар. Ал эми Түркиянын Кайсери шаарында 120га жакын кыргыз жарандары жашашат. Алардын 72си лицейлерде, университеттерде окуган окуучулар менен студенттер.


Этикеткалар: #Кайсери , #Кыргызстан

Тектеш кабарлар