Кыргызстанда Касымалы Баялинов атындагы китепкана

Китепканада 1 миллион чыгарма бар.

941709
Кыргызстанда Касымалы Баялинов атындагы китепкана

Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте жазуучу Касымалы Баялинов атындагы Улуттук балдар жана жаштар китепкансында 1 миллион чыгарма бар. Шаардын борборунда жарым кылым мурда курулган китепкана имараты тышкы фасадында советтик архитектурасы, цилиндр түрүндөгү устундары, көркөмдүү тепкичтери, чоң жана бийик терезелери менен көңүлдөрдү бурат.

Шаардын экинчи чоң китепканасына жазуучу Касымалы Баялиновдун аты берилген. Жылына орточо 300 миң бала жана өспүрүм келген имарат өлкөнүн эң көп окурман келген китепканаларынын бири.

Китепкананын группалык иш чаралар бөлүмүнүн жетекчиси Мадина Сыдыкова берген маалыматында 14 бөлүмдөн турган китепканада 1 миллион китеп менен кызмат кылышкандарын билдирди. Сыдыкова китепканага келген бала жана жаштардын китеп окуп жана көңүл ачкандыгын айтты.

«Китепанага келген балдар көңүл ачуу менен убакыт өткөрүшүүдө, үй тапшырмаларын аткарышып, китеп окуп, сүрөт тартуу жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүшүүдө. Ал түгүл  оюнчуктар менен ойной алышат. Керек болсо компьютерде оюн ойноп жана телевизор көрө алышат»,- деди Мадина Сыдыкова.

 



Тектеш кабарлар