Азербайжандын Гебеле шаары 2020 - жылдын туризм борбор шаары болду

Ислам Кызматташтык Уюмунун туризм министрлеринин 11 -  конференциясынын да 2020 -  жылы Гебеледе өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.

904979
Азербайжандын Гебеле шаары 2020 -  жылдын туризм борбор шаары болду

Азербайжандын Гебеле шаары Ислам Кызматташтык Уюму тарабынан 2020 – жылдын туризм борбор шаары болуп тандалды.

Азербайжандын маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматта Бангладештин борбор шаары Даккада ишке ашырылган Ислам Кызматташтык Уюмунун туризм министрлеринин  10 -  конференциясында Гебеле шаарынын 2020 туризмдин борбор шаары болуп тандалгандыгы билдирилди.

Ислам Кызматташтык Уюмунун туризм министрлеринин 11 -  конференциясынын да 2020 -  жылы Гебеледе өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды. Өзгөчө Азербайжандын Ислам Кызматташтык Уюмунун туризм координация комитетине мүчө болуп шайлангандыгы да белгиленди.

Борбор шаар Бакунун 225 километр түндүк батышындагы Гебеле тарыхый жана табигый кооздуктары менен Азербайжандын негизги туристтик жерлеринин бирөөсү катары белгилүү.

 



Тектеш кабарлар