Азербайжан «Зейтин далы» кыймылын колдойт

Хажыев, Анадолу агенттигине берген маалыматында, террордон жабырлануучу өлкө болгон Азербайжан катары террордун бардык түрлөрүн катуу айыптагандарын, эл аралык коомчулуктун террор менен күрөшүү аракеттерин колдогондорун билдирди.

893662
Азербайжан «Зейтин далы» кыймылын колдойт

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хикмет Хажыев, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагындагы «Зейтин далы» кыймылы тууралуу, «Кыймыл Түркиянын чек ара коопсуздугун камсыздоону, террор коркунучун жок кылууну жана аймакта жарандарды террор коркунучтарынан коргоону максаттайт»,-деди.

Хажыев, Анадолу агенттигине берген маалыматында, террордон жабырлануучу өлкө болгон Азербайжан катары террордун бардык түрлөрүн катуу айыптагандарын, эл аралык коомчулуктун террор менен күрөшүү аракеттерин колдогондорун билдирди.

Эл аралык жана аймактык тынчтык менен коопсуздуктун камсыздалышы үчүн террор коркунучунун тамыры жулунушу керектигин баса белгилеген Хажыев: «ТККнын «Зейтин далы» кыймылы, Түркиянын чек ара коопсуздугун кепилдикке алып, террор коркунучун жоюуну жана аймакта жашаган жарандарды террор коркунучтарынан коргоону максаттайт. Түркия, көп жолу террордук кол салууга дуушар болду жана көп сандаган карапайым адам каза тапты. Азербайжан, Түркиянын террор коркунучуна каршы коопсуздук санааркоолорун түшүнөт. Тууган Түркия жана түрк калкынын террордук кол салууларга экинчи дуушар болбоосун каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар